Пайдалуу кеңештер

Коронавирус. Үйүңдү кантип сакташың керек(видео)

Тумоону жуктуруп албаш үчүн үйүңдөн чыкпаганың оң. Квартираңды кантип коопсуз кылса болот, ошону айтып беребиз. 

Лифтке түшпөгүлө

Колуңардан келсе тепкич менен эле чыгып, түшкүлө. Кабинасынын кичинекейлигинен, тардыгынан жана жакшы желдетилбегендиктен лифт илдетти жуктуруучу өтө коркунучтуу жер болуп саналат.  Кабинада жалгыз болсом эле инфекция жукпайт да деп ойлобогула – сизге чейин ноокастаган литфтке бирөө түшүп, вирусту жайылтып кетиши ыктымал.  Баса, лифттин эң коркунучтуу жери анын кнопкасы деп эсептелет. Ошондуктан кнопканы жылаңач колуңар менен баспагыла. А лифтке түшүп чыккандан кийин колуңарды жакшылап туруп самындап жуугула. Кокус үйгө жете элек болсоңор колуңарды аябай дыкаттап  антисептик менен тазалагыла.  

Гигиенанын эрежелерин сактагыла

Биринчиден, регулярдуу түрдө квартираңарды нымдуу тазалоодон өткөрүп  тургула. Бат-баттан желдетип турууну унутпагыла. Үйдүн ичинде нымдуулук жетиштүү болушун камсыздагыла. Алүчүн абаны нымдаткыч керек. Сатып алгыла.

Жеке гигиенаңарды катуу сактагыла — эшиктен же эл көп баскан-турган жерлерден келгенден кийин, колуңарды дароо самын менен жакшылап жуугула, же болбосо атайын дезинфекциялоочу каражаттарды пайдаланып тазалагыла. 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) оорубаш үчүн колду кандай жууш керек экени тууралуу эскертүүнү жаңыртты. (видео):

Денеңердеги тытылган, чийилген, картталган, же териңерге чыккан жараттарга колуңарды таптакыр тийгизбегиле. Тийгизгиңер келсе, колуңарды самындап жуугандан кийин, же антисептик менен тазалагандан кийин гана ошенткиле. Чүчкүргөндө, жөтөлгөндө мурдуңарды, оозуңарды кагаз салфетка менен калкалагыла. Анан аларды дароо үстү жабыла турган таштанды салынуучу корзинага салып  ыргыткыла. Кокус салфетка жаныңарда жок болсо, анда чыкангыңарды бүгө салып, ошого чүчкүрүп, же жөтөлгүлө. Эң башкысы – эч качан колуңарга, же алаканыңарга жөтөлбөгүлө! Антсеңер – инфекцияны бүт денеңерге “шыбап” таштайсыңар.

Гаджеттериңерди таза кармагыла

Күн сайын урурнуучу баардык буюмдардын ичинен гаджеттер (смартфондор, планшеттер, ноутбуктар) инфекциянын накта “уюгу” болушат. Вирус эки күнгө чейин смартфондун экранында же телевизордун пультунда жашай алат. Ошондуктан ал приборлордун үстү да, арты да, капталы да таптаза болуш үчүн дезинфекциялоочу каражаттар менен баардык тарабын бат-баттан сүртүп тургула. Компьютериңердин клавиатурасын, экранын, пультун, мышкасын дагы дезинфекциялоочу каражаттардын жардамы менен регудярдуу тазалагыла.  

Андан тышкары уунанын ичин, рулду да тазалаганды унутпагыла.

Жумушчу ордуңузду таза кармаңыз

Эгер сиз үйдө иштеп атсаңыз, анда жумушчу ордуңуз коопсуз болуш керек. Пайдаланып аткан буюм-тайым, эмеректердин үстүн маал-маалы менен дезинфекциялоочу суюктук менен тазалап туруңуз. Жаңыңызда дайыма кагаз салфетка анан аны утилдештире турган жабык контейнер болушу шарт. Ишке байланыштуу баардык жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунча онлайн режиминде өткөрүү кажет.

Коопсуз тамакка артыкчылык бергиле

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ВОЗ) пандемиянын шартында тамак даярдоонун гигиенасына өзгөчө көңүл бөлүүнү рекомендация кылды. Үйдүн шартында тамак кесүүчү, тууроочу тактайчалар менен бычактарды чийки тамакка өзүнчө, бышырылганына өзүнчө пайдаланышыңыз керек. Бул эрежени пандемиянын учурунда гана эмес, баардык убакта сакташыңыз кажет.

Чийки этти кескенден кийин жашылча-жемишти кесүүгө болбойт. А балыкка өзүнчө тактайча урунуш керек. Чийки этти кармагандан кийин колуңузду сөзсүз самындап жуушуңуз керек. Муздаткычтагы тамактардын туура сакталышын шарттаңыз.

Тамактануучу жайларга баргандан көрө үйүңүздө даярдап ичкениңиз алда канча коопсуз болот. Анткени кафе, ресторандардын санитардык абалы мыкты деп эч ким кепилдик бере албайт. Баштыкка же табакка салынган тамакты башкаларга кошулуп чогуу жебеңиз.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button