Пайдалуу кеңештер

Жашылча-жемиштен вирусту жуктуруп албоо үчүн эмне кылуу керек? Адистердин айтканы

Адамдын жашоосу азык-түлүккө байланышкан.  Азияда жана Россияда азык-түлүк көбүнөсө базардан сатылып алынат. Жашылча-жемиш, көк-сөк, мөмө-чөмө, коон-дарбыздардын ж. б. үйгө базардан келет. Бирок, ачык асмандын алдында сатылып жаткан бул азык-түлүктөр ар түркүн инфекциялардын, вирустардын, бактериялардын эң биринчи бутасы экенин адамдар көпчүлүк учурда элес алышпайт. Демек, булардан адамга вирустук инфекция  жуктуруу тобокели өтө чоң. Базар эле эмес дүкөндүн – супермаркеттердин ичинен ушул азык-түлүктөрдү сатып алганда, алардан вирус жуктуруп албоо үчүн эмне кылуу керек? Жашылча-жемиш, көк-сөктү, дегеле азык-түлүктүн баарын кантип адамга коркунуч туудурбай тургандай жагдайд жана кандай профилактиканы жүрүгүзүп туруп пайдалануу керек?  Бул туурасында кеңири инструкцияны  Россиянын ӨКМүнүн (МЧС — министертсво чрезвычайной ситуации – өзгөчө кырдаалдар министрлиги ) адистери беришти. Бул туралуу ТАСС маалымдады, деп 19-апрелде Lenta.ru билдирди.  

SARS-CoV-2ни профилактикалоо үчүн көк-сөк, бадыраң, помидорлорду сөзсүз түрдө 10-15 минут сууга (эң жакшысы туздуу сууга) чылап коюш керек. Андан соң аларды, жууй турган нейтралдуу каражат менен (самындалган суу) крандан агып турган суунун алдында азык-түлүктөрдүн үстүн эирнбей өтө тыкыр жууп чыгыш зарыл.

Мындан сырткаары, сатылып келинген азык-түлүктөрдү колду жакшылып (самындап) жуугандан кийин гана талдоо жана жайгаштыруу сунушталат. Сырты катуу идишке (пластик, темир, же айнек) салынган азык-түлүктөрдү самындап жууш керек. Аларды орундарына жайгаштыруунун алдында,  ӨКМ ашканадагы баардык нерселердин үстүн атайын каражаттар менен тазартып, айырыкча столдун бетин, эшиктин туткаларын,  стулдарды жана гаджеттерди (чөнтөк телефондору, планшеттер, ноутбуктар ж. б.), вирусту кетире турган жуучу каражаттар менен тазалоого, дезинфекциялоого  өзгөчө көңү бурууну эскертет.

Мындан мурдараак, ӨКМнын адистери үйдү инфекциялардан, вирустардан сактап, аларды жуктуруп алуу коркунучунан алыс болуш үчүн, дезинфекциялоочу каражаттарды пайдалануу менен нымдуу тазалоону тез-тезден жасап турууну жана эпидемиянын учурунда карантиндин шарттарын толук сактоону сунушташкан.

Эскерте кетсек, илдетти жугузуп алуу тобокелин азайтуу үчүн, адистер мүмкүн болушунча таңгакталган (упаковкаланган) гана азык-түлүктөрдү сатып алууну сунушташат.

COVID-19 Россияда (19.04.2020):

-жуктурганы — 36 793;

-айыкканы – 3057;

-каза тапканы – 313.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button