Тамеки таштагандан кийин организмде кандай өзгөрүүлөр болот? Адистин пикири

Тамекини таштоонун пайдасы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымат беришти.

* Тамекини таштагандан кийин 20 мүнөттөн кийин жүрөктүн согушу басаңдайт.
* 12 сааттын ичинде кандагы моноксид углеродунун деңгээли нормага чейин төмөндөйт. 2-12 жуманын ичинде кан айлануу жакшырып, өпкөнүн иштеши нормалдашат.
*1-9 айдын ичинде жөтөл жана энтигүү азаят.
*5-15 жылдын ичинде тобокелдик деңгээли тамеки тартпаган адамдыкындай болот.
*10 жылдын ичинде өпкө рагынан каза болуу коркунучу тамеки тарткандарга салыштырмалуу эки эсеге азаят.
*15 жылдын ичинде жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруп калуу коркунучу тамеки тартпаган адамдын тобокелдик деңгээлине чейин жетет.