Күзгү депрессия, уйкусуздуктан кантип чыгуу керек? Адис сунуштаган төрт эреже
Москва мамлекеттик университетинин уйку медицинасы борборунун жетекчиси Александр Калинкин уйкуну кантип жакшыртса болорун айтып берди. Адистин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.
«Күз-кыш мезгилинде биз сезондук депрессия деп аталган көйгөйгө кабылабыз. Бул күн нурунун акырындап азайып баратканы менен байланыштуу. Мындай депрессиядан адамдардын 10-15 пайызы жабыркайт. Ал көбүнчө уйку качкандан пайда болот», — деген Калинкин.
Сомнолог күн нуру азайгандыктан «үкү» болуп, маанайы бузулуп ишке көңүлдөнбөй калган адамдарга төрт эрежени сунуштаган. Биринчиси, уйку режимин бузбай сактоо.
«Көпчүлүк апта ичи уйкусу канбай калып, дем алышта шашпай турушат. Бул процесс адатка айланып, ошондон улам режим бузулат да, адам өзүн жаман сезип, көңүлү чөгүп иштегиси келбей калат. Мындан улам режимди так сакташ керек», — деген Калинкин.
Экинчиси, будильниктен баш тартып, 7 сааттан 9 саатка чейин уктаганга өтүш керек. Адис күндүз күн көп тийген жерде арбыныраак жүрүүнү сунуштаган. Бул мелатонин гормонун бөлүп чыгарууга көмөктөшөт. Ошондой эле уйкудан кыйналбаш үчүн күндүн биринчи жарымында дене тарбия көнүгүүлөрү, кыймыл адамга өтө маанилүү. Уйкусу бузулган адамдарга кофеин, спирт ичимдиги, чылымдан баш тартуу сунушталган. Себеби мунун баары уйкунун сапатын бузат. Медик бул эрежелерди күнүмдүк жашоого 1-2 айдын ичинде киргизип адатка айлантуу зарылдыгын айткан. Эгер бул кеңештерден кийин да уйку калыбына келбесе, анда дарыгерге кайрылуу зарыл.